• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда кылмышка шектүүлөрдү электрондук билерик тагып көзөмөлдөө сунушталууда

3 Чын куран 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) үй камагына алынган же эркиндиги чектелген адамдарга аралыктан көзөмөл кылуунун жаңы тартибин киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документте үй камагына алынган же эркиндиги чектелген шектүү адамдарга электрондук билериктерди тагуу сунушталууда. Билериктер Өзбекстан ИИМине караштуу Коомдук коопсуздук маселелери боюнча илимий изилдөөлөр борбору тарабынан иштелип чыккан. Алар буга чейин өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн.

Документте долбоорду иштеп чыгууда Түштүк Корея жана Түркия мамлекеттеринин пробация кызматтарынын алдыңкы тажрыйбалары изилденип чыкканы белгиленген. Долбоор 11-апрелге чейин талкууда болот.

Количество просмотров: 45