• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстанда кыздар зомбулукка жана сексизмге каршы флешмоб өткөрүштү

8 Теке 2020 13:20 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Exponautz Art Gallery онлайн-тобунун бир нече мүчөсү аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө жана сексизмге каршы флешмоб өткөрүштү.

Алар «Аял — мал эмес!», «Келин — кызматчы эмес!», «Менин денем — менин ишим!!!» деген ураандар жазылган плакаттарды кармап сүрөткө түшүп, соцтармактардагы баракчаларына жарыялашты.

Жергиликтүү блогер Умид Гафуров кыздарга жооп берди. Ал «Эгер гендердик теңчилик болсо, анда сен дагы кирпич ташы», «Келин болгондон кийин өз милдетиңди аткар», «Төрөгүң келбесе күйөөңдү үйлөнт!» деген жазуулар менен сүрөткө түшүп, баракчасына чыгарды.

Өзбек кыздарынын бул акциясы Фергана шаарында кыска кийинип жүргөн кыз сабалгандан кийин өтүүдө. Бул окуя тартылган видео соцтармактарга жарыяланып, коомдо резонанс жаратканы менен иш сотко жеткен эмес.

Количество просмотров: 153