• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда мамлекетке 8 млрд. сум зыян келтирген аткаминер 8 млн. сум айып пул төлөйт

22 Бирдин айы 202217:55 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Чиланзар райондук соту Өзбекстандын кинематография агенттигинин башкы директору Фирдавс Абдухаликовдун иши боюнча өкүм чыгарды.

21-февралда кабыл алынган сот чечимине ылайык, Абдухаликов Административдик кодекстин «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 100 000 сум (750 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

24-январда Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү мекемеси Фирдавс Абдухаликов сериалдарды сатып алуу үчүн бөлүнгөн 8 миллиард сум өлчөмүндөгү мамлекеттик субсидияларды аялына, кызына жана баласына таандык компанияларга которгонун кабарлаган.

1-февралда ага административдик укук бузуу боюнча айып тагылып, иши Чиланзар райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 587