• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстанда мамлекеттик активдер президентке жакын компанияларга берилүүдө

8 Чын куран 2022 14:28 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда жарыяланган документтерге караганда, чөлкөмдөгү эң ири заводдордун бири болгон Өзбек металлургиялык комбинатынын (Узметкомбинат) активдери өкмөткө жакын компанияларга берилүүдө.

Бул жараян 2021-жылы Шавкат Мирзиёев кол койгон мамлекеттик үлүшү бар ири жана чакан ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө токтомдун негизинде ишке ашууда.

Ушул тапта биржада базар баасында сатыла турган заводдун товардык продукциялары Бахтиёр Фозиловго таандык компанияларга арзан сатылууда. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал компанияларга жашыруун келишим жана чечимдерин негизинде кожоюн болуп калды.

Заводдун мүлктөрү президент Шавкат Мирзиёевдин 2021-жылдын 30-июлдундагы жарлыгы менен сатыкка коюлган. Расмий булактарда аукцион кандай шартта өткөнү, кимдер катышканы жөнүндө маалымат жок.

“Оздолик” радиосу жүргүзгөн иликтөөгө караганда, алты гектар жери бар “Узметкомбинат” 74 миллиард сумга (6.9 миллион доллар ) Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровго жакындыгы бар компанияга берилген.

2021-жылы Ташкенттеги ири куруучу Мурод Назаров борбор калаанын чок ортосунда жердин бир соткасы 150 000 долларга чейин чыкканын айткан. Ага ылайык, 5-8 гектар жер имаратты эске албаганда 87 миллион АКШ доллары турат. Жер тилкеси дээрлик 13 эсеге арзан сатылган.

Количество просмотров: 111