• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстанда милиция кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылды

26 Бештин айы 2023 16:08 Бишкек Govori.TV

25-декабрда Ташкент облусунун Бостанлык райондук соту мурдагы милиция кызматкерин 13 жашар кызды зордуктоого күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Өкүмгө ылайык, 31 жаштагы айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул иш боюнча сот отурумдары жабык өттү.

13 жаштагы кыздын зордукталганы жөнүндө алгач Nemolchi.uz долбоорунун активисттери жазып чыгышкан. Аларга кыздын апасы кайрылып, иш создуктурулуп жатканына жана шектүү тарабынан коркутуулар болуп жатканына даттанган.

«Кылмыш майдын аягында болгон. 13 жаштагы кыз курбусу менен көчөдө сейилдеп жүргөн. Ошол маалда кыздын коңшусу аларга таанышынын унаасына отуруп, айланып келүүнү сунуштаган. Кыз коңшусун жакшы тааныгандыктан макул болгон. Алар өспүрүм кыздарды ижарага алган дачага алып барып, ал жактан коңшусунун «таанышы» кызды зордуктаган», – деп жазган Nemolchi.uz долбоору.

Сотто кыздарды автоунаага отургузуп жаткан учурга күбө болгон адамдар да көрсөтмө беришкен. Шектүүнү зордукталган кыз тааныган. Апасынын айтымында, ал Ташкенттин Яшнабад райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери болгон.

Мындан тышкары райондук прокуратурага бойго жете элек кызды зордуктоого шарт түзүп берген дагы эки жаранга да кылмыш ишин козгоо тапшырмасы берилди. Алар күнөөлүү деп табылса беш жылдан сегиз жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 123