• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өзбекстанда Мирзиёевдин сапарынын алдында баткактын үстүнө асфальт төшөлдү

22 Чын куран 2022 15:23 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда президент Шавкат Мирзиёевди түрдүү көз боёмочулуктар менен тосуп алышты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып билдирди.

Мирзиёев 21-апрелде аймактардын экономикасы жана калктын жашоо-турмушу менен таанышуу сапарынын алкагында Кашкадарыя облусуна барды.

Сапардын алдында президенти бара турган Чиракчин, Касан жана Кокдалин райондорунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Аты-жөнүн айтууну каалабаган маале активисттеринин бири бул үчүн коңшу Навои облусунан укук коргоо органдары алынып келингенин билдирди. Мындан тышкары тургундардын жашоосун жакшыраак кылып көрсөтүү үчүн ишкерлердин эсебинен дүкөндөрдөгү азык-түлүктүн түрлөрү көбөйтүлгөн. «Облус бийлиги башка дүкөндөрдөн азык-түлүктөрдү алып келди. Кокус президент токтоп, кирип калабы деп жергиликтүү ишкерлерге жол жээктериндеги дүкөндөрдү да товарга толтуруу тапшырмасы берилди», — деди ал.

Касан районундагы Амир Темур сейил багында 21-апрелге караган түнү таң атканча көрктөндүрүү иштери жүргөн.

«Жүздөн ашык чоң челектерге отургузулган пальмаларды алып келишти. Алардын ар биринин баасы 9 миллион сумдан (800 доллар). Экскаватор менен жерди казып, көмүп коюшту. Президент кеткенден кийин пальмаларды кайра казып алышат болуш керек. Анткени булар президент кайда барса ошол жерге отургузулуп келген пальмалар. Мындан тышкары жакшы эле өсүп жаткан балатыларды казып келип, жол жээгине отургузушту. Азыр көчөт отургузуу мезгили болбогондуктан, алар бир жумадан кийин соолук калат. Амир Темур паркын көрктөндүрүүгө ар бир мекемеден экинден киши бөлүндү. Ал жакта жүздөгөн киши таң атканча иштешти», — деди Касан райондук акимчилигинин Көрктөндүрүү бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин бири.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү мугалимдердин бири президенттин сапарына Казан районунун борбордук бөлүктөрү гана көрктөндүрүлгөнүн билдирди.

«Алар негизги жолго келип кошулган көчөлөрдүн башталыштарын гана асфальтташты. Болгондо да асфальт баткактын үстүнө эле төшөлдү. Бул негизги жолдо автоунаа менен өтүп бараткан адамда маалелердин бардык көчөлөрү асфальтталган экен деген элес калсын үчүн жасалды. Ага канча акча, канча эмгек кетти? Ал болсо бир жылга жетпей бузулат», — деди мугалим.

Шавкат Мирзиёев Кашкадарыя облусунда 21-22-апрель күндөрү болду. Президеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы сапардын алкагында өндүрүштүк ишканаларга, фермерлик чарбаларга жана маалелерге барды.

Количество просмотров: 2960