• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өзбекстанда мугалим 1-класстын окуучусун сабап салган

1 Жалган куран 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

Соцтармактарда хорезимдик мугалим сабак учурунда  окуучулардын бирине кол көтөрүп, андан соң башталгыч класстын окуучусун катуу сабаганы тартылган видео тарады. Кичинекей кыз партасына отурганда да мугалим аны сабоону токтоткон эмес.

Хорезм облусунун билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя Ханка районундагы №36 мектепте болгон. Башкармалык иликтөө иштери жүргүзүп жатканын билдирди. 1-класстын окуучусу 23-февралда сабалган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча ички иштер органдары тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын, облустук прокуратура кырдаалды көзөмөлгө алганын кабарлады. Жабырлануучунун алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза да дайындалды.

Февраль айынын башында Навои шаарындагы №18 мектептин эки окуучусун орус тили жана адабияты мугалими сабак учурунда сабап салган.

Количество просмотров: 166