Самарканд облусунун Пахтачи районунун үч жашоочусунун үйлөрүнөн курамында алтын бар 3 тоннадан ашуун руда табылды. Алар мыйзамсыз казылган. Бул тууралуу Самарканд облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Атайын операция учурунда 1995, 1969 жана 1980-жылы туулган үч киши кармалган. Алардын үйлөрүнөн 3,1 тонна алтын кошулмасы бар руда, алтынды бөлүп чыгара турган эки меш жана үч тегирмен табылган.