• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда мыйзамсыз соттолгон жаран мамлекеттен 8,5 доллар компенсация алды

1 Бирдин айы 2021 10:48 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун тургуну Элёр Турсунов мыйзамсыз соттолуп, түрмөгө отуруп чыкканы үчүн материалдык жана моралдык зыян катары мамлекеттен 91 208 182 сум (8 650 доллар) өлчөмүндө компенсация алды.

«Жаслык» түрмөсүндө 6 жыл 11 ай отуруп чыккан Турсунов мамлекеттен компенсация катары 20 миң доллар төлөп берүүнү талап кылган.

2013-жылы декабрда Кашкадарыя облустук соту Турсуновду 17 жылга эркинен ажыраткан. Ал «Конституциялык түзүлүшкө кол салуу», «Терроризм», «Коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратуу» жана «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

2018-жылы мартта Элёр Турсунов акталып, эркиндикке чыккан. Ал 2013-жылдын 4-декабрынан 2018-жылдын 18-мартына чейин 6 жыл, 11 ай жана 10 күн «Жаслык» түрмөсүндө мыйзамсыз камакта болгон.

2019-жылы августта президент Шавкат Мирзиёев «Жаслык» түрмөсүн жабуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстанда 50дөн ашык мурдагы жогорку кызматтардагы саясий туткун эркиндикке чыгарылды. Алардын арасында маркум президент Ислам Каримовдун тушунда соттолгон саясий оппозициянын активисттери, журналисттер жана укук коргоочулар бар.

Количество просмотров: 102