• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстанда президенттин сынынан кийин иштен алынган аткаминер жаңы кызматка дайындалды

28 Бирдин айы 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

Өткөн жылы декабрдын аягында президенттин сынынан кийин Сурхандарыя облусунун башчысы кызматынан алынган Тура Боболов учурда Соода-өнөр жай палатасынын төрага орун басары болуп иштеп жатканы белгилүү болду.

Соода-өнөр жай палатасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 24-февралда Ташкентте өзбек-азери ишкерлик кеңешинин үчүнчү жыйыны өтүп, ага Тура Боболов палатанын төрагасынын биринчи орун басары катары катышкан.

Сурхандарыя облусунун башчысы катары дээрлик төрт жыл иштеген 52 жаштагы Тура Боболов бул кызматтан өткөн жылы 26-декабрда алынган. Анда президенттин басма сөз кызматы аткаминер «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» кеткенин билдирген.

«Озодлик» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, Боболовдун облус башчылыгынан алынышы анын райондук прокурорлор менен акимдерди коркуткан аудиожазуусуна байланыштуу.

Өткөн жылы октябрда президент Шавкат Мирзиёев аудиожазуу үчүн Боболовду сындап, кызматтан кетириши мүмкүн экенин эскерткен.

Өз булактар белгилүү блогер Отабек Сатторинин кармалышына да Тура Боболовдун тиешеси бар экенин кабарлашкан. Саттори 2021-жылы май айында «Опузалап акча талап кылуу» жана «Жалаа жабуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 186