• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Өзбекстанда өрттөлгөн үйдөн үч кишинин сөөгү табылды

29 Чын куран 2024 15:01 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Сырдарыя районунда өрттөлгөн үйдөн киши колдуу болгон үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдары бир аял, бир бала жана бир кыздын сөөгүн табышкан. Каза болгондордун тек-жайын тактоо иштери башталды.

Прокуратура жана ички иштер органдарынын ыкчам-иликтөө тобу кылмышка шектүү жаранды кармады. Ага каршы «Эки же андан көп адамды өзгөчө мыкаачылык менен атайылап өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда окуянын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 126