• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда соода борборундагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголду

17 Бештин айы 2021 15:46 Бишкек Govori.TV

Денау шаарындагы жарылууга байланыштуу шаардык газ ишканасынын башчысынын жана Худудгаздын эки кызматкеринин бөгөт чарасы каралып, камакка алынды. 7-декабрда калаадагы «Инденим» соода борборунда жарылуу болгон.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, бул факты боюнча Денау шаардык газ башкармалыгынын жетекчисине жана облустук «Худудгазтаъминот» ишканасынын эки кызматкерине «Кесиптик иштерин тийиштүү деңгээлде аткарбоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

7-декабрда Денау шаарындагы «Инденим» соода борборунда катуу жарылуу болуп, 2 киши өлүп, 9 адам ар түрдүу деңгээлде жаракат алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жарылуу имаратта газ шаймандарынын узак мөөнөткө иштешинен жана ысып кетишинен чыккан.

14-декабрда президент Шавкат Мирзиёев аймак жетекчилерине Денау шаарындагы жарылуу боюнча кенен маалымат берүүнү жана бул сыяктуу окуяларды болтурбоо үчүн жоопкерчилик алууну буюрган.

Количество просмотров: 133