• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстанда соттолгондорго Интернет колдонууга уруксат берилет

31 Тогуздун айы 2022 17:29 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда жаза аткаруу мекемелериндеги соттолгондорго электрондук мамлекеттик кызматтардан жана нотариус кызматынан пайдалануу үчүн атайын өзүнчө жайлар бөлүнүп берилет. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги даярдаган тиешелүү сунуш коомдук талкууга чыгарылды.

Атайын жайларда веб-камера орнотулуп, компьютердик жабдуулар Интернетке кошулуу болот.

Документ Башкы прокуратура, Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек министрлиги жана Өзбекстандын Жогорку соту менен макулдашылат.

Долбоордун авторлорунун маалыматына караганда, демилгени ишке ашырууга кеткен чыгымдарды Ички иштер министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу департаментинин Борбордук фонду көтөрөт.

Количество просмотров: 69