• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстанда “Стелс-омикрон” аныкталды

24 Кулжа 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда коронавирустун Stealth-Omicron BA.2 штаммы аныкталды. Бул вирустун эң жугуштуу түрү болуп эсептелет.

Бул тууралуу Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башчысы Баходир Юсупалиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы аптада коронавирус жуктургандардын саны бир аз көбөйдү. 20-июнда— 87, 21-июнда — 82, 22-июнда — 98 учур катталды.
“Бейтаптардын 67% кадимки “омикрон” штамы аныкталса, 33 % Stealth-Omicron BA.2 түрү байкалды”, — деди Баходир Юсупалиев.
Ал акыркы эки жылдан бери июнь-август айларында вирус жуктургандардын саны бир аз көбөйүп жатканын белгиледи.
Ушул тапта “стелс-омикрон” бардык өлкөлөрдө тарап жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму муну тынчсыздануу жараткан вирус деп атап, өтө тез тарай турганын белгилеген.

Количество просмотров: 1723