• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өзбекстанда студенттерди сабаган окутуучу жумуштан кетти (видео)

14 Жетинин айы 2018 16:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.

13-ноябрда Бухара инженердик-технологиялык институтунун 59 жаштагы окутуучусу Рамазан Мухиддинов жумуштан бошоп кетти. Ал социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары тарабынан студенттерди сабоого айыпталган.

Акыры эки күндөн бери социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде Бухарадагы жогорку окуу жайдын окутуучусу студенттерди сабап, ыпылас сөздөр менен сөгүп жаткан учуру тартылган видео кызуу талкууланууда.

Видео 6-мартта тартылып, бирок эми гана Интернетке жайгаштырылган. 1-курстун студенттерин сабаган Бухара инженердик-технологиялык институтунун окутуучусу Рамазан Мухиддинов экени белгилүү болду.

Институтта окуган студенттердин биринин айтымында, балдар сабакка галстуксуз келгени үчүн токмок жешкен.

Институт ректорунун жардамчысы Асрорбек Ашуров жогорку окуу жайдын жетекчилиги жумушчу топ түзүп, окуяны иликтеп чыкканын билдирди:

– Студент балдарды Информациялык технологиялар факультетинин жогорку математика кафедарсынын доценти сабаган. 59 жаштагы Рамазан Мухиддинов биздин окуу жайда бир нече жыл иштеген. Бирок видео социалдык түйүнгө жайгаштырылгандан кийинки күнү, 13-ноябрда ал жумуштан кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазды.

Ал буга чейин студенттер тарабынан окутуучуларга карата даттануулар түшпөгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 33