• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда сууктан улам күнөсканадагы өсүмдүктөрдү үшүк алды

29 Бештин айы 2023 9:40 Бишкек Govori.TV

Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказдагы мөмө-жемиш рыногун изилдеген EastFruit эл аралык аналитикалык порталынын маалыматына караганда, Өзбекстан өкмөтүнүн күнөсканаларда газды өчүрүү чечими бул тармакка коркунуч туудурууда.

Басылманын маалыматына караганда, миллиондогон доллар насыя алган өзбек ишкерлери Түркмөнстан менен Орусиядагы атаандаштарына жеңилип жатышат. Себеби ал жакта газ арзан. Басылманын эксперттери өзбек бийлигинин күнөсканаларды көмүргө өткөрүү чечимин «жаман чечим» катары баалашты.

12-20-декабрда көптөгөн күнөсканаларда өстүрүлгөн помидор, бадыраң, калемпирлер газдын басымы төмөндөп, электр энергиясы күтүүсүз өчүрүлгөндүктөн үшүп кеткен.

Бухара районундагы дыйкан Дадахан Ахматов өзүнүн 1 гектар күнөсканасында бышкан 80 тонна помидор бир күндө үшүп кетерин ойлогон да эмес.

Ишкер быйылкы түшүмүн сатып, газга карызын төлөөнү пландаган, бирок азыр эч нерсеси жок. Кайра отургузуп, иштей баштаса болот, бирок күнөсканаларды солярка менен жылытуу үч эсе кымбатка турат. Бир жагынан банк насыяларды төлөөнү талап кылууда.

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга энергетика тармагындагы зыяндуу газды азайтуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн 46,2 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн. Бирок жардамга карабай, Өзбекстан өкмөтү күнөсканаларды көмүргө өткөрүү кадамынан баш тарткан эмес.

Количество просмотров: 203