• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда такси айдоочулары нааразычылык акциясын өткөрүштү

27 Бугу 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Карши шаарынын таксисттери Ислам Каримов көчөсүндө автоунааларын тизип алып, нааразычылык к акциясын өткөрүштү. Акция учурунда тартылган сүрөт жана видеолор интернетке жарыяланды.

Өзбекстан ИИМинин Жол кыймыл коопсуздугу кызматы айдоочулар мындай жол менен бийликтен коопсуздук курун тагынбай жүрүү учурунда жазылган айып пулдарды жокко чыгарууну талап кылышты.

14-майда аталган көчөдө Lochin ko’z-Q («Ылаачын көз-К») деп аталган система орнотулган. Ал коопсуздук курун тагынбагандарды аныктоого кудуреттүү. Билдирүүдө камералар коюлганы коомчулукка кабарланганы айтылат.

Жол кыймыл коопсуздугу кызматы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырууда. Окуяны териштирүү башталды.

1-майдан баштап Өзбекстанда жол кыймыл коопсуздугунун жаңы эрежелери күчүнө кирди. Ага ылайык, такси айдоочулары автоунаанын ичинде коопсуздук курун тагынып отурууга милдеттүү. Алдыңкы орундукта отурган жүргүнчү да коопсуздук курун тагынууга тийиш.

Количество просмотров: 129