• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстанда өз балдарын сатууга аракет кылган төрт аял кармалды

15 Бирдин айы 2024 14:56 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы адам сатууга каршы Сырдарыя, Сурхандарыя, Ташкент жана Наманган облустарында жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө өз балдарын сатууга аракет кылган төрт аялды кармады.

Убактылуу Гулистан шаарында жашап жаткан бухаралык 33 жаштагы келин быйыл 30-январда төрөлгөн баласын 40 миң долларга сатып жаткан учурда колго түшкөн.

Мындан тышкары Термездин 30 жаштагы тургуну жаңы төрөлгөн кызын 25 миллион сумга (2 миң доллар) сатууга аракет кылган. Ал акча алып жатканда кармалган.

Ташкент облусундагы Чирчик шаарында жашаган 26 жаштагы келин алты жашар баласын 2 миң долларга сатууга аракет кылганда кармалган.

Намангандын 29 жаштагы жашоочусу 10 жаштагы уулун 18 миң долларга баалап, 4 миң доллар өлчөмүндө аванс алып жатканда колго түшкөн.

Бул фактылардын бардыгы боюнча «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 84