• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Өзбекстанда өз кызын сабаган жаран 3 жылга соттолду

7 Кулжа 2023 16:27 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда 14 жаштагы кызын катуу сабап, кемсинтип жүргөн жаран үч жылга эркинен ажыратылды.

Өлкөнүн Жогорку соту кабарлагандай, тургун «Жашы жете электерге карата системалуу түрдө ур-токмокко алуу же башка кыйноо аракеттерин көрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Апрелдин ортосунда социалдык түйүндөргө аялы кызды кармап берип, күйөөсү сабап жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Кашкадарыя жаңылыктары» Telegram-каналы видеодогу аял кыздын өгөй апасы экенин жазган.

Видеону кыздын агасы тарткан. Айрым маалыматтарга караганда, «кызды өгөй апасы дайыма сабап, мындан улам ал уруксат сурабастан эле агасынын үйүнө качып кетип турган».

Количество просмотров: 105