• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өзбекстанда жөө жүргөндөргө сый акы төлөө токтотулду

30 Бугу 2022 20:00 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан жөө жүргөн жарандарга акча төлөбөй турган болду. Мындай акция былтыр июнда башталган. Тиешелүү чечимди Өзбекстандын президенти кабыл алды.

1hls.uz дени сак жашоо образы платформасы 2021-жылы июнь айында ишке кирген. Күн сайын 10 миң кадам баскан кишилер үч миң сумдан (0.27 доллар) ала алышкан.

Былтыр жыл соңуна чейин өзбекстандыктарга 45, 46 миллиард сум (3,9 млн доллар) төлөнгөн. Платформа алкоголь жана тамеки саткандардан чогулган акчадан каржыланып турган.

Бирок 2022-жылдын 1-январынан тартып жөө сейилдеген жарандардын чыгымдары мамлекеттик бюджетке жүктөлгөн.

Количество просмотров: 228