• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстанда жаңы Конституция боюнча референдум 30-апрелде өтөт

10 Жалган куран 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы 10-мартта Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдум өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды. Түз эфирде көрсөтүлгөн жыйында 132 депутат токтомдун кабыл алынышына «макул», 2 депутат «калыс» деген добуш берсе, 3 депутат добуш берген жок.

Жыйын учурунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумдун датасы бекитилди. Референдум 30-апрелде өтөт.

Мурда кабарлангандай, Конституциянын беренелери 128ден 155ке чейин көбөйтүлүп, тексти 65% өзгөртүлөт.

Жаңы Конституция кабыл алынса, президенттин мурдагы эки мөөнөтү жоюлуп, ал үчүнчү жолу шайланууга мүмкүндүк алат.

Баш мыйзамда бир адамдын белгилүү бир кызматка экиден ашык мөөнөткө катары менен шайлануусуна тыюу салган норма киригизилет. Бул эреже өлкө президентине, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикерине, Сенат төрагасына жана башкаларга тиешелүү болот.

Ошол эле маалда Конституциянын Каракалпакстанга тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт.

Количество просмотров: 104