• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзбекстанда жол кырсыгы көбөйгөндүктөн аткаминерлерди иштен алуу талабы айтылды

24 Баш оона 2023 15:29 Бишкек Govori.TV

Ташкенттик активисттер жол кырсыктарынан каза болгондор көбөйгөнүнө байланыштуу жооптуу адамдарды кызматтан алууну талап кылышты.

16-августта Ташкенттин Бунёдкор көчөсүндө «Нексия-2» автоунаасынын 22 жаштагы айдоочусу 50 жаштагы жөө адамды сүзүп кеткен. Алган жараатынан улам ал ооруканада каза болгон.

Ошол эле күнү Lacetti үлгүсүндөгү автоунаа Актепа аймагындагы урбанисттер сындап жүргөн көчөдө 69 жаштагы аялды өлтүрө сүзгөн.

«Газета.uz» басылмасы кырсык катталган бул эки көчө тең туура эмес долбоорлонуп, шаар куруу принциптерин бузарын билдирген.

Активист жана мурдагы депутат Расул Кушербоев «адамдардын өлүмү үчүн жооптуу аткаминерлерди иштен алууну жана аларды эл алдында жазалоону» талап кылды.

«Давлетов.уз» телеграм-каналы да тиешелүү жетекчилердин адам өмүрүн алган жол кырсыктарына алып келген чечимдерине укуктук баа берилиши керектигин жазды.

Бул эки кырсык боюнча «Адам өлүмүнө алып келген жол коопсуздук эрежелеринин бузулушу» беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Количество просмотров: 104