• Дүйшөмбү 8 Теке 2024
  • Понедельник 8 Июль 2024

Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гумжардам келди

4 Теке 2024 9:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды.

Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка тамак-аш азыктары бар.

Количество просмотров: 84