• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу жабылды

8 Теке 202415:36 Бишкек Govori.TV

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрүп, жолдун 71-чакырымында (эки жерде) каттам токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, азыркы тапта да жамгыр катуу жаап жатат. Ошондой эле, 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу болуп калган. Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылууда. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 334