• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Сууда жер адиси УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

8 Теке 202415:07 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер адиси К.А.А. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракеттенген.

Атайын кызматтан билдиришкнедей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында К.А.А. аттуу жаран КР УКМК кызматкерине 5 миң АКШ доллары, 691 миң сом жана 5 миң россиялык рубль өлчөмүндө пара сунуштаган.

Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын берүү учурунда аталган К.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кармалды.

Кармалган жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 132