• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте жарнама конструкцияларын демонтаждоо уланууда

8 Теке 202416:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жарнама конструкцияларын демонтаждоо уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери «Бишкекбашкыархитектура», «Тазалык» ишканасынын өкүлдөрү жана Свердлов акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Рейд Төрөкул Айтматов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө 14 жарнама конструкциясы жана 1 бастырма демонтаждалды.

Буга чейин комиссия тарабынан жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирмелер берилген.

Количество просмотров: 130