• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат

6 Кулжа 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Орусия 14-июндан тарта Өзбекстан жарандары үчүн поезд менен өлкө аймагына кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып салды. Мындай чечимди Орусиянын Коронавирустун алдын алуу боюнча ыкчам штабы кабыл алды.

«14-июндан тарта «Ташкент–Самара» жана «Ташкент–Волгоград» багыттары боюнча каттамдарды калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. Каттамдар жумасына бир жолудан аткарылат», – деп жазылган штабдын билдирүүсүндө.

Ошондой эле 14-июндан тарта Орусия өлкөгө автотранспорт менен жана деңиз порттору аркылуу келе турган чет өлкөлүктөр үчүн киргизилген эпидемиологиялык чектөөлөрдү алып салат.

Өткөн жылы апрелде Орусия Өзбекстан менен аба байланышын калыбына келтирип, өзбекстандык студенттерге окууларын улантуу үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берген. Күзүндө Орусияга курулуш жана агроөнөр жай тармактарында иштөөгө бара турган өзбек жарандары үчүн чектөөлөр алынган.

2021-жылы жайында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жүргүнчү ташыган темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштаган.

Количество просмотров: 71