• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстандан Орусияга жүргүнчү темир жол каттамы 23-июнда башталат

10 Кулжа 202218:05 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандан Орусияга жүргүнчү темир жол каттамы 23-июнда башталат. Буга чейин поезддер 14-июндан тартып жүрө турганы кабарланган, бирок “Өзбекстан темир жолдору” муну четке каккан.

23-июндан баштап “Ташкент-Самара” поезди Ташкенттен бейшембиде, Самарадан жекшембиде сапарга чыгат;

25-июндан тарта “Ташкент-Волгоград” поезди Ташкенттен ишембиде, Волгограддан шейшембиде жолго чыгат. Бул тууралуу «Орусия темир жолдору» билдирди.

Орусия менен Өзбекстан жарандары үчүн буга чейин киргизилген санитардык чектөөлөр – коронавируска карата ПЧР-тест алынып салынган.

Количество просмотров: 210