• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстандан түркмөн инвестициясынын эсебинен 174 ишкана түзүлдү

12 Баш оона 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын өкмөттүк «Түркмөнпортал» басылмасынын билдиришинче, Өзбекстанда түркмөн инвестициясынын катышуусунда 174 ишкана түзүлдү.

Өзбек ишканаларынын менчик формасы жана капиталдын көлөмү айтылган эмес.

Басылма Өзбекстан президентинин басма сөз кызматына шилтеме берип жазгандай, ушул тапта Өзбекстанда коңшу өлкөлөрдүн инвестициясынын катышуусунда түзүлгөн 1700 биргелешкен ишкана иштеп жатат.

Өзбекстандын Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борборунун маалыматына караганда, Ташкент менен Ашхабаддын тышкы соодадагы үлүшү жалпы товар жүгүртүүнүн 2,1%, түзгөн.

2021-жылы Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 902 миллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 67,6% өскөн.

Количество просмотров: 207