• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Өзбекстандык кримтөбөл «Салимбай байбача» эркиндикке чыкканы кабарланды

13 Үчтүн айы 202513:37 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 75 жаштагы Салим Абдувалиев 12-январь күнү абактан чыкканын Kun.uz. сайты жазды.

Агенттик өз булактарына шилтеме кылып, Абдувалиев узак убакыт бою жаман илдет менен алышканын, анын абактан чыгышына саламаттыгы начарлашы негизги себеп болгонун маалымдады.

«Салимбай байбача” деген ат менен Борбор Азияга таанымал кримтөбөл, Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы башчысы Салим Абдувалиевге Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылып, 2024-жылы 19-мартта алты жылга кесилген.

Былтыр октябрь айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Салим Абдувалиевге издөө жарыялап, аны менен байланышы бар бир катар ишкер, саясатчыларды кармап, суракка алган.

Количество просмотров: 124