• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстандык жоокер Ооганстан менен чек арадагы атышууда өлдү

28 Аяк оона 2021 15:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандык аскер кызматкери Ооганстан менен чек арадагы атышууда окко учту. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Наманганда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Нигох» Telegram-каналындагы маалыматка караганда, жаңжал 26-сентябрда ооганстандык баңги төбөл Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда болгон.

«Кечээ мамлекеттик чек арадан өтүү аракети болду. Муну баңги төбөлдөрү жасоого аракет кылган. Бирок аймагыбыздын кол тийбестигин сактоо маселесинде биздин көз карашыбыз бекем. Керек учурда биз чек арабызды курал менен сактайбыз. Өз милдетин абийири менен аткарган биздин бир жоокерибиз баатырларча курман болду. Ал ушул жердин – Намангандын кулуну болгон», – деди президент.

Ишмердүүлүгүнө бир нече өлкөлөрдө тыюу салынган «Талибан» террордук кыймылы бир ай мурун Ооганстанда бийликке келгенден кийин өлкөнү маңзаттан арылтарын билдирген.

Количество просмотров: 5122