• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзбекстандыктар Орусияда 15 күн каттоосуз жүрө алат

21 Чын куран 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү убактысы 7 күндөн 15 күнгө чейин созулат. Орусиялыктар да Өзбекстанда дал ушундай режим менен жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Мамдума Өзбекстан өкмөтү менен Орусияда жүрүү тартибин жеңилдетүү жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Документте Өзбекстан жарандары Орусияга кирген убакыттан баштап 15 күн каттоосуз жүрсө боло турганы, орусиялыктар да Өзбекстанда жарым айга чейин каттоосуз жүрө алары белгиленген. Мыйзам ратификациялангандан кийин Федерация Кеңешине, андан соң президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эки өлкө ортосундагы келишимге 2021-жылы 21-майда Москвада, 2021-жылы 17-июнда Ташкентте кол коюлган.

Ушундай эле режим Беларус, Казакстан, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан жарандарына да тиешелүү.

Количество просмотров: 174