• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстандыктар Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылышты

3 Баш оона 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, алардын өкүмзордугуна даттанышты.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда Орусиядан Ош эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетүүнү көздөгөн жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп унаасына салып, чек арага чейинки 5-6 км жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат.

Буга чейин да «Азаттыкка» өзбекстандык жарандар кайрылып, кээ бирлери 5000 сомдой акчасын таксиге төлөгөнгө мажбур болушканын билдиришкен. Бул маселе «Твиттер» жана башка социалдык түйүндөрдө талкууланууда.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев таксилер менен байланышкан бул маселе үч жылдан көйгөй жаратып келатканын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, быйыл январдан бери социалдык тармактар аркылуу 15 кайрылуу болгон.

«Интернеттен кайрылган чет өлкөлүк жарандар такси айдоочуларынын жоругун юридикалык жактан тастыктай турган фактыларды беришпейт. Мыйзам боюнча юридикалык жактан далилденбегендиктен, куру сөз катары кабыл алынат. Ошондуктан, түшүндүрүү иштери менен гана чектелип калабыз», — деген Аширбаев андай көйгөйгө кабылгандар дароо илиция чакырышы керектигин белгиледи.

Өзбекстандыктардын айтымында, Орусияга Ош аркылуу учакта кетүү же келүү салыштырмалуу арзан болгондуктан, көбүнчө ушул жол менен катташат.

Былтыр чек арадан ары-бери каттоодо кыргыз аскерлерине акча төлөөгө мажбур болуп жатканын айткан өзбекстандыктар кыргыз бийлигине кайрылышкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы андай фактылар аныкталбаганын билдирген.

Количество просмотров: 382