• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандын абактарында канча кыргыз жараны бар?

30 Үчтүн айы 202516:10 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Кыргызстандын 42 жараны сот жообуна тартылып, абакка кесилген. Ал эми Кыргызстанда соттолгон 90 өзбек жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева Жогорку Кеңештин 30-январдагы жыйынында билдирди.

Парламент бул күнү Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге байланыштуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Соттолгондорду өткөрүп алуу жана берүү эки өлкөнүн Башкы прокуратурасы аркылуу ишке ашат.

Количество просмотров: 330