• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстандын Аскердик прокуратурасы жоокердин өлүмүн суицид деп атады

15 Бирдин айы 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарынын Аскердик прокуратурасы быйыл январда аскер бөлүгүндө каза болгон жоокер Миржалол Имамов өз жанын кыйганын билдирди.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маалымдагандай, кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Имамов 11-январда аскер бөлүгүнүн эс алуу бөлмөсүнө кирип, текчедеги аскердик автомат менен өзүн ээкке атып өлгөн.

Имамовдун жакындары ал өзүн өлтүргөнүнө ишенбей жатышат. Алардын айтымында, жоокердин денесинде кыйноонун белгилери болгон: бети-башында көгала тактар калып, эки тиши сынган. Миржалолдун апасы уулу өлгөндөн кийин бир нече жоокер кармалганын айтып, алар уулун өлтүрө сабаган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Количество просмотров: 25