• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Өзбекстандын банктары чет өлкөлүктөргө карта берүү шарттарын катаалдаштырды

13 Аяк оона 202217:12 Бишкек Govori.TV

12-сентябрдан тарта Өзбекстандагы «Капитал» жана «Ипак Йули» банктары чет өлкөлүктөргө эсеп ачуу жана банк карталарын берүү шарттарын оорлотту.

«Капитал» банктан билдиришкендей, мындан ары банк карталары «студент», «расмий ишке орношкон» жана «Өзбекстанда 15 күндөн көп убакыт жүргөн» деген категорияларга туура келген чет өлкөлүктөргө гана берилет.

«Ипак Йули» чет өлкөлүктөр эсепти банктын Ташкенттеги башкы кеңсесинен гана алса болорун билдирди.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизип, чектөөлөргө орус банктары да туш болгон. Орусиялыктар башка өлкөлөрдө орус банктарынын карталары менен төлөө жана чет өлкөлүк төлөм кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мындан улам Орусия жарандарынын көбү санкцияларды кыйгап өтүү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн жана Түркиянын банктарынан карта ачтыра башташкан. Алар үчүн «карта туризминин» негизи багыты Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп калган.

Орусиялык Степан Лошкаревдин айтымында, буга чейин Өзбекстанда банк картасын ачтыруу үчүн ага болгону жергиликтүү сим-карта, каттоо (жергиликтүү мейманада жасатып алган) жана бир нече күн күтүү гана талап кылынган.

Количество просмотров: 79