• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстандын чыгышында кызамык менен ооругандар көбөйүүдө

27 Жетинин айы 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитети Наманган облусунда кызамык жуктурган балдардын саны кескин көбөйгөнүн ырастады.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бул аймакта кызамык жуктурган 735 учур катталды. Учурда 255 бала ооруканаларда дарыланууда. Алардын 62% бир жашка чыга элек болсо, 25% үч жашка чейинки курактагылар түзөт.

Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин билдирүүсүндө жалпы өлкө боюнча кызамык менен ооругандардын саны көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы кызамыкка чалдыккандар 18%, андан каза болгондор 40% көбөйгөнүн билдирген. Уюмдан белгилешкендей, бул вакцинациянын азайганына байланыштуу.

24-ноябрда Кыргызстандын Республикалык иммуннопрофилактика борбору өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны 4 484 адамга жеткенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бир жума мурда ооруга чалдыккандардын саны 4098 адам болчу.

Быйыл Кыргызстанда кызамыктан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес.

Коңшу Казакстанда да кызамык жуктургандар көбөйүүдө. 21-ноябрга карата өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 16 миңге жеткени кабарланган. Алардын 82% ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Количество просмотров: 70