Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Өзбекстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Казакстандын командасын жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды.
6-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өткөн беттеште 5:4 эсебинде өзбек улакчылары жеңишке жетти. Оюндун 1-таймында өзбекстандыктар бир, казакстандыктар эки улакты тайказанга салышты.
Эми финалда Өзбекстандын командасы кыргыз улакчылары менен беттешет.
Биринчи орунду алган команда 3 млн. сом, 2-чи орунду алган улакчылар – 1,5 млн. сом, 3-чү орундагылар– 1 млн. сом байге катары алышат.