• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзбекстандын калкынын саны 36 миллион 370 миңден ашты

26 Теке 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда туруктуу жашаган адамдардын саны 36 миллион 372 миң 300 кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,2% көп.

Өзбекстандын Статистика агенттиги жарыялаган маалыматка ылайык, өлкө калкынын 18 миллион 66 миңин аялдар жана 18 миллион 306 миң 300үн эркектер түзөт. Булардын ичинен 18 миллион 557 миң 500 киши шаарларда, 17 миллион 815 миң 800ү айылдарда жашайт.

Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң көп өлкө. Калкынын саны боюнча ал дүйнөдө 41-орунда турат.

Количество просмотров: 72