• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстандын калкынын саны 37,3 миллиондон ашты

27 Жетинин айы 202417:55 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын калкынын саны 37,3 миллиондон ашты. Мындай маалымат Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттигинин сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, 1-октябрга карата өлкөдө туруктуу жашаган калктын саны 37 миллион 355 миң 356 адамды түзгөн.

Болжолдуу эсептерге таянсак, 2030-жылга чейин Өзбекстанда калктын саны 41 миллиондон ашат.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен калктын саны боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. Ал эми 2-орунда Казакстан туруп, калкынын саны 20 миллионго жакындап калды. Ошондой эле Тажикстандын элинин саны 10 миллиондон ашса, Түркмөнстанда алты миллиондон көп.

Количество просмотров: 213