• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстандын парламентинде этникалык кыргыздар үчүн квота бөлүндү

19 Бештин айы 2019 10:19 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Олий Мажлисинде этникалык кыргыздар үчүн да орун берилди. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбук баракчасына жазды.

Маалым болгондой, 22-декабрда Өзбекстанда эл өкүлдөр палатасы үчүн парламенттик шайлоо өтөт. Кыяс Молдокасымовдун айтымында, эл өкүлдөр палатасына өтүү үчүн учурда 750 талапкер катталган. Анын ичинен үчөө этникалык кыргыз болуп саналат. 22-декабрдагы шайлоодо 750 талапкердин 150сү парламентке шайланып келет. Анын ичинде этникалык кыргыздар үчүн да квота каралган.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов белгилегендей, Өзбекстандын жаңы тарыхында этникалык азчылыктарга, анын ичинен кыргыздар үчүн квота берүү алгачкы ирет болууда.

Кошумчалай кетсек, тарыхчы Кыяс Молдокасымов учурда Ташкент шаарында Өзбекстандын мамлекеттик архивинде кыргыздарга байланыштуу тарыхий маалыматтарды изилдөө иштери менен алектенип жүрөт.

Булак: Марал

Количество просмотров: 237