• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

18 Бештин айы 201812:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.12.2018.Govori.TV

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн, 18-декабрда Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты. 
Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчы Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн келген. 


Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Количество просмотров: 12