• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандын президенти Мирзиёевге сыйлык тапшырылды

13 Тогуздун айы 202316:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ардак белгиси менен сыйланды.

Атайын сыйлык Мирзиёевге КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин катышуусунда тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити өтүүдө. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат.

Сыйлоо аземинен кийин президент Садыр Жапаров менен уюмдун аткаруу комитетинин Башкы катчысы Сергей Лебедев журналисттерге маалымат беришет.

Количество просмотров: 201