• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанга экспорттолуп жаткан электр энергиясынын баасы кымбаттайт

21 Бирдин айы 2018 17:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.18.Govori.TV

Өзбекстанга экспорттолуп жаткан электр энергиясынын баасы март айынан тартып кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, март айынын аягына чейин Кыргыз тарап Өзбекстанга 550 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорттойт. Учурда экспорт болгон электр энергиясынын көлөмү 1 миллион 143 миң киловатт саатты түзүп, 2 центтен берилүүдө. Март айынан тартып Өзбекстан 2,4 центтен сатып ала баштайт.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда газ менен жарыкка болгон баа кымбаттары маалымдалган.

Өлкөдө 1 апрелден баштап газга болгон баа 10%, ал эми электрэнергияга болгон баа 12%  жогорулайт.

Медалдын эки бети бар дегендей, жергиликтүү тургундар үчүн мындай жагымсыз жаңылык менен бирге, өзбек өкмөтү айлык акылардын жана жөлөк пулдардын көтөрүлүшүн убадалайт.

Белгилей кетсек, учурда коңшу өлкөдө электр энергиясына болгон баа 1 квт\саатка  $0,02 түзөт. Жаратылыш газынын  10 м3 үчүн өзбекстандыктар $0,32 төлөшөт.

Количество просмотров: 31