• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Зеленский 30 күндүк ок атышууну токтотуу келишимин кубаттады

12 Жалган куран 202521:38 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясында өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШ сунуштаган 30 күндүк ок атышууну токтотуу келишимин кубаттады. Анын айтымында, бул келиши кийин кеңири масштабдагы тынчтык макулдашуусунун негизине айланышы мүмкүн.

«Эми кийинки кадамдар Орусиядан көз каранды. Алар Украинага каршы агрессиясын улантабы же жокпу өздөрү чечиши керек», – деди ал 12-марттагы маалымат жыйынында.

Зеленский украин элин «катуу маалыматтык басымга» даяр болууга чакырып, «Орусия Киев менен Вашингтонду уруштуруунун бардык мүмкүн болгон жолдорун издеп жатканын» эскертти.

Азырынча Москва 30 күндүк ок атышууну токтотуу сунушу боюнча комментарий бере элек.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 132