• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Зеленский коргоо министрин түртүп жиберди (Видео)

20 Теке 201913:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.07.2019. Govori.TV.

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскер кызматкерлерин жайгаштыруу боюнча эксперименталдык модулун кароодо коргоо министри Степан Полторакты түртүп жиберди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Окуянын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналына жарыялаган

https://t.me/sputniklive/1254

Алгач Зеленский Генералдык штабдын начальниги Руслан Хомчак, Президенттик аппаратынын башчысынын орун басары Руслан Рябошапка жана дагы бир адам менен сүйлөшүп турган. Бир маалда президент шак бурулуп, жакындап келаткан Полторакты түртүп жибергендей аракет кылган.

Кийин Рябошапка мамлекет башчысы аны түртпөй эле, четкерээк турууну сурангандыгын айткан.

Булак: Спутник.кг

Количество просмотров: 31