Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу 20-мартта CNN телеканалына курган маегинде билдирди.
“Мен аны менен сүйлөшүүгө даярмын. Менин оюмча биз сүйлөшүүсүз согушка чекит коё албайт окшойбуз. Эгер бизде согуштуу токтоту үчүн 1% шанс болсо, менимче биз ал шансты колдонуп калышыбыз керек. Ошону үчүн Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз керек. Бирок, биздин аракеттерибиз өзүн актабаса, анда анын арты Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет”,-деди Зеленский.