• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзгөчө абал: Бишкектеги көчөлөр дезинфекциялоо үчүн жабык бойдон калат

27 Жалган куран 2020 9:54 Бишкек Govori.TV

Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө блокпосттор коюлган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 27-мартта билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында дезинфекция жүргүзүү максатында шаардын И. Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия бульвары, Жибек-Жолу көчөлөрү, ошондой эле Осмонкул, Салиева, Курманжан Датка 7-апрель көчөлөрү менен чектелген жерде санитардык-карантиндик аймак түзүлгөн.

«Аталган көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле блокпосттор коюлуп, жөө жүргүнчүлөргө жана автоунааларга толук чектөө коюлат. Ал эми медицина, укук коргоо органдарына, банк кызматкерлерине жана медицина каражаттарын ташыган жүк ташуучуларга уруксат берилет», — деди Орозалиев.

Мындан тышкары, ал бул аймакта дезинфекциялоо аяктаган соң, башка көчөлөрдө да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, шаардын борборун дезинфекциялоо иштери кечээ, 26-мартта башталган.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. 

Количество просмотров: 138