• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзгөчө абал: Ишин токтотпогон такси кызматтарынын унаасы айып аянтчасына коюлат

25 Жалган куран 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

 Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак, Кара-Суу районудорнун аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аталган аймактардагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердигине өзгөчө укуктук режим түзүлүүдө.

ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, коомдук унааларда коронавирустун жайылышынын коркунучу бар болгондуктан өзгөчө абал режими учурунда коомдук унаалардын кыймылы, анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.

«Азыркы учурда ИИмдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө абалдын талаптары аткарылбаган учурда шаардык таксилердин жана жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксилердин унаалары атайын токтотулуучу жайына киргизилип, режимди бузгандыгы үчүн айдоочуларга мыйзамга ылайык тиешелүү катуу чаралар көрүлөт», — деп билдиришти башкармалыктан.

Аталган башкармалык жарандардан, унаа каражаттарынын айдоочуларынан киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Количество просмотров: 234