• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзгөчө абал: Коомдук унаалар жана таксилер токтотулат

25 Жалган куран 2020 9:51 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук унаалар жана таксилер толугу менен токтотулат.

Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтүүчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтүүчү жолдордор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле жарандар күндүзү саат 07:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:

Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга.

Дарыканадан дары-дармек сатып алууга.

Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.

Количество просмотров: 281